Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

АКШ президенти Ж. Буш Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу макулдашууну кубаттады


АКШ президентинин пикиринде, бул макулдашуу Корей аралын өзөктүк куралсыз аймакка айландырууга жардам берет. Кечээ Түндүк Кореянын өзөктүк прогрммасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасынын соңуна чыткы. Анда жарыялангандай, Пхеньян быйылкы жылдын 31-декабрына карата өзөктүк программасы боюнча бүткүл маалыматты берип, башкы өзөктүк реакторунун ишин токтотот, ага катар өзөктүк технологияны жана материлдарды таратпоого да милдеттеме алды. Өз милдеттемелерин аткарган шартта Пхеньян кошумча экономикалык жардам алып, Вашингтон Түндүк Корея террорчулукту колдогон өлкөлөрдүн кара тизмесинен чыгарууну көздөй кадам таштайт. Түндүк Колрея менен көп тараптуу сүйлөшүүлөргө Түштүк Корея, АКШ, Кытай, Жапония, Орусия тартылган.

XS
SM
MD
LG