Облустун ошол кездеги прокурору Зоотбек Кудайбергенов учурда сотто айыпкер катары көргөзмө берүүнү улантууда. Суроолорго жооп берип жатып ал тергөөчүнүн токтомуна негиздеп, Аксы окуясынын чыгышына ошол кездеги губернатор Султан Урманаевдин эл менен жолугушууга келбей калышы себеп болгон деди. Экс-прокурор ошондой эле толкундаган элдин колунда курал болгонун, ага ИИМдин атайын дайындоогу бөлүгүнүн жоокери Замир Карабалаевге ок тийгени далил деп айтты. Кечээки сот ишинде күбө катары суралган депутат Азимбек Бекназаров болсо элде курал болгону күлкү келтирээрин, ал ошол кезде тартылган тасмаларда деле даана көрүнүп турганын айткан. Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясы боюнча ишти 1-октябрдан бери кароодо. (SM)