Бул тууралуу энергетика министри Игорь Чудинов бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Министрдин айтымында сүйлөшүү газ, суу жана электр кубаты боюнча жүрүп, кыргыз тарап электр кубатын эле эмес сууну да сатуу позициясын карманат. «Өзбек тараптан биз газдын баасы канча болсо да сатып алып алабыз, ошол эле учурда Өзбекстан да электр кубаты менен сууну базар баасында сатып алууга тийиш» деп айтты министр. (SM)