Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:24

12:28 Өзбекстанга ун чыгарууну тезинен токтотуу керек


Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Камчыбек Ташиев чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошевдин жообунан улам айтты. Өзбекстанга канча ун чыгаары тууралуу суроого чек ара кызматынын башчысы ар бир адам чек арадан 5 килограммга дейре ун алып өтүүгө уруксат деп жооп берди. Депутат Ташиев өзбек президенти Ислам Каримовдун кыргыз жарандары Өзбекстандын нанын ташып кетип жатканы тууралуу бир кездеги сөзүн эске салып, азыр түштүктө 1200 сомдун тегерегиндеги ундун бир мүшөгү Өзбекстанда 2000 миң сом экенин, чек арадан өткөн ар бир адам 5 кг. ун алып өтүп жатканда эле канча ун чыгаарын, азык-түлүк коопсуздугуна тиешелүү бул маселени тезинен токтотуу зарылдыгын айтты. Депутат ошондой эле Жалалабатта ун менен буудайды өзбек жарандары сатып алып чыгып кетип жатканына өзү күбө болгонун белгиледи.(SM)

XS
SM
MD
LG