Бул тууралуу бүгүнкү парламент жыйынында депутат Болот Шерниязов айтты. Чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошевге кайрылган депутат буга чейин бул маселе боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканы кабарланып, бирок жыйынтыгы белгисиздигин айтты. «Менде бардык маалыматтар бар, аэропорттогулар кимдин келгенин фамилиясына чейин жазып берди. Чек ара кызматы болсо бүт маалыматтарды жок кылган» - деди депутат. Ушундан улам чек ара кызматынын башчысына кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берүү боюнча протоколдук тапшырма берилди.
Былтыр Лондондо бозгунда жүргөн орусиялык олигарх Борис Березовскийдин Кыргызстанга жашыруун келип кеткени тууралуу сөз болгон эле. Бирок расмий тарап мындай маалыматты четке каккан. (SM)
Былтыр Лондондо бозгунда жүргөн орусиялык олигарх Борис Березовскийдин Кыргызстанга жашыруун келип кеткени тууралуу сөз болгон эле. Бирок расмий тарап мындай маалыматты четке каккан. (SM)