Мьянмада чабарман Ибрагим Гамбари төрт күн болуп, бул өлкөнүн бийликтери менен сүйлөшүп, үй камагындагы оппозиция лидери Аун Сан Су Чжи менен жолуккан. Аскерий хунта башкарган бул өлкөдө жакында демократияны талап кылган элдик толкундоолор болуп, бирок аны бийлик күч менен тараткан эле. Демонстрацияларга миңдеген адамдар, анын ичинде кечилдер да катышкан.
БУУ Коопсуздук кеңеши бүгүн Мьянмадагы кырдаал боюнча уюмдун чабарманы И. Гамбаринин отчетун угат