Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

БОЗПИЕКТЕ АТЫЛГАН ЭЛДИН КОЛУНДА КУРАЛ БОЛГОНБУ?


Жалалабатта Аксы окуясы боюнча сот улантылып, анда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып жаткан мамлекеттик кызматкерлердин бири областтын мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов сурак берди. Сотто ал 17-мартта элдин колунда курал болгондуктан милиция кызматкерлери да жабыр тартканын билдирди. Аксы окуясында жабырлануучулар демонстранттардын колунда күндүк азыгынан башка эчтеме болбогондугун айтышууда.

Аксы окуясы боюнча мамлекеттик комиссия жана 2002-жылы депутат Азимбек Бекназаровдун жактоочулары менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн меморандум Зоотбек Кудайбергеновду айыптуу деп тапкан. Бирок, мындай жыйынтык менен ал макул эмес. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, 17-мартта район борборуна келаткан демонстранттардын колунда таяк жана башка куралдар болгон. Аксыдагы кырдаал районго укук коргоочу Турсунбек Акун келгенден тарта күчөгөн. Экс-губернатор Султан Урманаев менен жолугушпай калган адамдар районго митинг өткөргөнү баратканын жана милиция менен эл кагылышканда адамдар набыт кеткенин Жалалабатта уккан. Кагылышта депутаттын жактоочулары менен бирге 19 милиционер жабыр тарткандыгы жөнүндө айдоочунун көрсөтмөсү бар:

- Эгерде куралдар жок болсо Карабаевдин бутуна ок тийди деген заключение болмок эмес. Эгерде андай болбосо 19 милиция жарадар болду деп кайдан жүрөт. Ошол эле жерден гладкоствольный оружиенин гилзазсы табылган, мелкашкадагы патрондун октору табылган,, - деп айтты Кудайбергенов.

Каргашалуу күнгө чейин бир үй күйүп, милиционердин машинасы аңтарылганы тууралуу маалыматтар улуттук коопсуздук жана ички иштер башкармасына да түшүп турган. Кудайбергеновдун көрсөтмөсүн соттолуучу Кубаныч Токобаев да ырастады:

- СНБдан, прокуратурадан, акимчиликтен келип аткан деген кабарлар түшүп аткан. Кандай болсо оперативдик маалымат берилип турган.

Адвокат Сартпай Жайчыбековго кошуна жашаган Мырзабекова аттуу аялдын үйү эмес, сарайы өрттөнгөн, бирок, үй ээси анын эмнеден өрттөнгөнүн билбейт жана эч кайда арызданбаган. Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон Жайчыбековдун белгилешинче мамкомиссия Кудайбергеновду күнөөлүү деп атаган эмес.

Районго митинг өткөргөнү бараткан адамдардын колунда күндүк азыгы болгон жана эл менен бараткан Кадыркул Сапаралиев кечке дейре кайтып калабыз деп кеткен. Кагылышта ага ок тийип, каза тапкан. Анын аялы Айбарча Сатыбекова элдин колунда курал болгон деген көрсөтмөгө ишенбейт:

- 17-мартта эл тынч, куралсыз эле келаткан. Алардын колунда айраны эле болгон.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG