8-октябрда өтө турган тегерек үстөлдө майыптардын укуктарына байланышкан маселелер талкууланып, “Майыптардын медициналык тейлөөгө болгон укуктары” деген аталыштагы китепченин бет ачары болот. Тегерек үстөлгө бейөкмөт уюмдардын, майыптардын кызыкчылыгын коргогон уюмдардын, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана журналисттер катышары күтүлүүдө. Ушул тапта Кыргызстан калкынын 2 пайызын майыптар түзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарланды. (ZMa)