Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

15:20 УТРКны реформалоо жаатында жыйын өтүп жатат


Бүгүн «Алтын ажыдаар» мейманканасында «Коомдук теле-радиону өнүктүрүү жагдайлары» аттуу тегерек үстөл өтүп, ага түздөн-түз тиешеси бар адамдар азыркы УТРКны реформалоонун мындан аркы кадамдарын талкуулашты. Чогулгандар каналдын маалымат-аналитикалык берүүлөрү ошол эле эски доордогудай калганын, бийликти гана мактап туруп алышканын баса белгилешип, теле каналдын жаңы түзүлгөн байкоочу кеңеши буга өзгөчө көңүл буруусу керектиги, олуттуу реформаларды жасоо зарылдыгын айтышты. УТРКнын маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси Эрнис Кыязов, чындап эле каналга президенттик администрациянын, бийликте отургандардын таасири күч болуп жатканын, бийликте отургандар аларды мактап-жактап көп көрсөтүүнү талап кылышарын айтып, эми жаңы түзүлгөн байкоочу кеңеш буга көңүл бөлүүсү керектигин билдирди. Өз кезегинде депутат Мелис Эшимканов, каналдын азыркы жетекчилиги кызматтарынан кетип, алардын ордуна жаңыча ойлонгон, өз ишин мыкты билген профессионал, жаш кадрлар келиши керектигин, ал эми бир жарым миң адам иштеген УТРКнын кызматкерлерин төрт жүз, беш жүз адамга чейин кыскартып, мобилдүү, жакшы айлык-акы алган мыкты журналисттерди өстүрүү зарыл экендигин айтты. Жыйынга байкоочу кеңештин, УТРКнын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, депутаттар жана эксперттер катышты. Жыйындын уюштуруучулары мындай талкуулардын мындан ары да улантууну көздөшүүдө. (IJz)

 

XS
SM
MD
LG