Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

15:38 Аксы окуясы боюнча сотто Турсунбек Акун көрсөтмө берди


Жалалабатта жүрүп жаткан соттун бүгүн бешинчи күнкү жыйыны өттү. Анда адам укуктары боюнча президент карамагындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун күбө катары көрсөтмө берди. Укук коргоочу Аксы окуясынын башкы себеби катары депутат Азимбек Бекназаровдун камалышын жана ошол учурда анын баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй калышын атады. Ошондой эле мурдагы президент Аскар Акаев мамлекетти башкара албай калганы үчүн күнөөлү деп, президенттик админстрациянын ошол кездеги башчысы Аманбек Карыпкулов Бишкекте ачкачылык жарыялаган укук коргоочуларды президент менен жолуктурбай койгонун айтуу менен аны да Аксы окуясы боюнча күнөөкөрлөрдүн катарына кошту. Сот иши эми келерки дүйшөмбүдө уланат. (SM)

XS
SM
MD
LG