Пакистандын президенти Первез Мушарраф өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Беназир Бхутто менен жарашуу келишимине кол койду. Муну менен бийлик бөлүштүрүүгө жол ачылды.
Документке ылайык, Пакистанда 1988-1999-жылдардын аралыгында иш алып барган саясатчыларга мунаса берилет. Башкача айтканда, 8 жылдан бери сүргүндө жүргөн Бхуттодон коррупция айыбы алынып салат. Премьер-министр Шавкат Азиз улуттук жарашуу макулдашуусу баш аламандыкка чекит коет деп билдирди.
Бүгүн Пакистанда президенттик шайлоо болот. Аны Мушарраф жеңет деп күтүлүүдө.