Британ полициясы Глазго шаарынан алыс эмес жерден Леонардо да Винчинин уурдалган сүрөтүн таап алды. “Ийикчен Мадонна” деген сүрөт 2003-жылдын августунда Шотландиядагы жеке коллекциядан уурдалып кеткен. 22 миллион долларга бааланган сүрөттү уурдоону ФБР искусство чөйрөсүндөгү эң чоң кылмыштардын тизмесине киргизген. Полиция кылмышка тиешеси бар деп шектелген 4 кишини кармаганы да маалымдалды.