Президент К. Бакиев 5-октябрда баш калаа Дүйшөмбүдө өткөн КМШ өлкө башчыларынын саммитине, 6-октябрда ЕврАзЭСтин эл аралык кеңешинин жыйынына жана Жамааттык коопсуздук уюмунун сессиясына катышты. Саммитте КМШ лидерлери шекриктештикти өнүктүрүү жана миграция саясатын координациялоо боюнча долбоорлорду талкуулады. Евразия экономикалык шериктештигинин жыйынында бул шериктештикке мүчө мамлекет башчылары уюмдун алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган он беш документ кабыл алынды. Бийик жолугушууга 11 мамлекет башчы жана Украинанын тышкы иштер министри катышты. (ZMa)