Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:45

ТАЛАНТТУУ ОБОНЧУ, ТААНЫМАЛ КОМУЗЧУ


Токтосун Тыныбеков элдик ырларды угуучулардын жан дүйнөсүнө жеткире аткаруу менен бирге өзүнүн устаттары Коргоол Досуевдин, Барпы Алымкуловдун “Ак бакай”, “Мөлмөлүм” аттуу жана башка ашыктык ырларын угармандарга алгачкылардан тартуулап, алардын урматтоолоруна бөлөнгөн.

Андай сый-сапатка жетүү үчүн Токтосун талыкпай эмгектенип, талыксыз изденген. Ал тигил же бул улуу устаттарынын ырларын аткарууда авторлор кандай аваздык көркөм боектордо, кандай түркүн түстүү созмолордо созушса, дал ошондой ыкмада, дал ошондой көркөмдүүлүктө ырдоого умтулган. Маселен айтылуу Барпынын “Мөлмөлүм” аттуу кызга жүрөгү жалын, ичи чок боло күйүп-быша ашык болгонун, сымбатын сыпатап ырдаган күйгөн ырын кыргыз угуучуларына алгачкылардан өз обонунда, өз сөзүндө ырдап чыгып, өлбөс өмүр жараткан.

“Мөлмөлүм”

Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм
Белгилүү болот ыр менен.

Эки илабың – кызыл гүл
Ачылгандай Мөлмөлүм
Бир карасаң – жүрөккө от
Чачылгандай Мөлмөлүм.

Маңдай чачың – Марагалаңдын
Жибегиндей Мөлмөлүм
Сенин ышкың – баланын
Тилегиндей Мөлмөлүм
Гүлзар кылыч жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн.

Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
Күрүчүндөй Мөлмөлүм
Созулганың зергердин
Күмүшүндөй Мөлмөлүм
Маиндигиң жоргонун
Жүрүшүндөй Мөлмөлүм.

Токтосун мына ушундай ашыктык, терме, санат, насыят ж.б. ырларды аткаруу менен бирге өзү дагы элдик ыр чыгармачылыгынын алтын казнасын байыта тургандай өзү жашаган доордун ар кандай темаларын баяндаган ондогон лирикалык, патриоттук обондорду чыгарат.

“Сенин эрмегиң”

Кундуздай чачың эки өрүм,
О деги, койчу кулпунасың ак келин,
Айнектей жүзгө нур берген
Ашкере сулуу эмгегиң
Ишиңди мактап ырдаган
Анда мен болсом сенин эрмегиң.

Толтуруп сайдагы
Тоналап үйүп пахтаны
Толкунданып ырдайсың
Тоо булбулдай шаңданып,
Берекеси түштүктүн
Анда күндү уялткан
Аппагым, аппагым, аппагым.

Асмандан түшкөн ак кардай
Кыйма бир көкүл ак маңдай
Күлүп бир койсоң берметтей
Күмүштөн чеге каккандай
Кош фанарың балбылдайт
О койчу саналаш жанымда
Жаткандай, жаткандай, жаткандай.

- Тууганбай мырза, деги Током кандай обончу эле?

- Өзүң билгендей Током төкмөлүк менен бирге обончу да эле. Мен билгенден 70 обондуу ырлары бар. Менин баамымда элдик ыр чыгармачылыгын мыкты билүүчү. Мына Током “Гүлжан”, “Катка жооп” аттуу ондогон обондорун элдик чыгармачылыктын үлгүсүндө чыгарган. Маселен айтылуу ырчы Мыскал Өмүрканова баштаган ырчылардын көңүлүнө толгон ырлар оңой ырлар эмес, менимче алар өлбөс ырлар деп ойлойм.

“Катка жооп”

Катыңды алдым чын жүрктөн айтылган
Ал кагазга алтын сөздөр жазылган
Окуп жатып ойго түштү бир элес,
Ошондо мен сылагандай чачыңдан.

Эске түштү бирге жүргөн күндөрүм,
Тоо аралап, тандап үзгөн гүлдөрүм,
Кулагыма таңк-туңк этип угулат.
Көл боюнда көңүл ачып күлгөнүң.

Катка жазган кабарыңды окудум,
Кайта-кайта көлдү карап отурдум,
Он килодон эмгек алдым дегенге,
Кубанычка кучагымды толтурдум.
Сүйүү жолун эмгек менен ырдайлы
Кубанычка көп кубаныч улайлы.

- Тууганбай мырза, Током комузга жан, кылына тил киргизе черткен чертмекчи да эле. Бул тууралуу да угармандарга эскере кетсең.

- Алгач Токомдун комуздан башка да өнөрүн да айта кетейин. Ал кыл кыякты да жакшы тартуучу. Мен билгенден радиого тасмага жазылып да калган. Мындан башка Казакстанда ФЗОдо окуп жүрүп казактын эки ичектүү домбрасын катыра тартуучу. Эми комузчулугун айтсам капырай Коргоолдун колу менен Токтосундун колу куюп койгондой окшош эле. Скрипкачылардай кылда сол колунан төрт салаасы менен басчу. Кептин ачыгын айтсам аябагандай чоң комузчу эле. Комузчулар концертке чыгардын алдында колдорун селкилдетип, ушалап жумшартып, көнүгүү жасап чертип чыкса, Токтосун андай көнүгүү жасабай эле сахнага чыкчу. Талас, Кетментөдө, Аксы тараптан чыккан шайырлар кол ойнотуп черткен айтыш күүлөрдү таттуурак кайрып чертишет. Током айтылуу Ниязаалынын “Кер толгоосу” баштаган ондогон күүлөрүн угуучуларга тартуулады. Өзү да күү чыгара коючу. Маселен “Жаш кайрык” аттуу ж.б. күүлөрдү.

- Тууганбай мырза, Током ар тараптуу, көп кырдуу таланттын адамдык асыл сапаты менен айкалыштыра ала жүргөн инсан беле?

- Токомдо кек деген таптакыр жок эле. Үйдөн сөгүшүп, урушуп алып, эшикке чыкканда кучакташып кете берүүчү. Ой, кичине кармансаң боло десем, ой, ошону аңдып жүрүп өлүп кетейинби, атасынын көрү деп койчу. Анан ачуусу тез келчү да эшикке чыкканда унутуп калуучу. Мен чалкаман да, көмкөрөмөн да жатып ойлойп көрсөм Током өмүрүндө бир кишиге да жамандык кылбаган ак көңүл эле. Мен сага бир мисал айтайын. Куудул Асанкул Шаршенов Жалалабатта гастролдо жүргөндө бригаданын билетин, миңдеген акчасын мейманканага унутуп кете бериптир. Токтосун Асанкулдан Бишкекке келгенде, ой папкең гана деп сураса, билбейм дейт. Током Асанкулду бир сөгүп алып, аэропорттон самолетко билет алып кайра учуп барып, мейманканадан жаздыктын астында калган папкасын таап алып келген эле. Ким ушундай жасап берет. Ушундай кең пейил эле.

- Тууганбай мырза, Током жөнүндөгү кызыктуу эскерүүңө чоң ырахмат. Сак саламатта болуңуз.
XS
SM
MD
LG