Семинар президент сунуш кылган шайлоо кодексиндеги өзгөрүүлөр, 21-октябрга белгиленген референдум тууралуу жогорку окуу жайлардын студенттерине толук маалымат берүү максатын көздөйт. Иш-чараны “Атуулдук платформа” коомдук уюму уюштурууда. Ушул тапта Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларында референдум боюнча маалымат берүү кампаниясы башталды. Аталган уюмдун жетекчиси Алишер Мамасалиевдин айтымында, муну үгүт иштери деп атоого болбойт. “Биз болгону жаштарга референдум тууралуу маалымат беребиз. Ар бир адамдын жарандык позициясы болушу керек. Биздин уюм окуу жайлардын жетекчилиги административдик ресурсту колдонуп, студенттерге кысым жасалбашына көзөмөл салат”,-деп билдирди “Азаттыкка” А. Мамасалиев. (ZMa)