Сүйлөшүүлөр болуш үчүн Вашингтон Тегеранга карата саясатын өзгөртүш керек, деп билдирди Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад. Иран президентинин сайтында коюлган маалыматта Ахмединежад АКШ менен сүйлөшүүлөрдү баштоону өтүнгөн эмес деп белгиленген. АКШ президенти Жорж Буш Иран өзөктүк программасын өзгөртмөйүн сүйлөшүүлөр максатка ылайыктуу эместигин өткөн жумада билдирген эле.