Түрк парламентинин спикери Көксал Топтан АКШ Конгрессинин спикерине жөнөткөн катта аталган мыйзамдын жагымсыз таасири ондогон жылдарга созулушу мүмкүн деп айтылат. Конгрессте талкуулана турган мыйзам долбоорунда 1915-1917-жылдары 1 жарым миллиондон ашуун армян Осмон дөөлөтү тарабынан өлтүрүлгөн, армяндарга каршы геноцид орун алган деп айтылат. Мындай айыптоолорду Анкара четке кагып келатат.
Түркиянын парламент төрагасы Кошмо Штаттарда армяндардын геноциди боюнча мыйзам кабыл алынса, эки тараптуу алакаларга зыян келтирилет деп эскертти