Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

9:50 Темир Сариев: Кошоматчы губернатор-акимдер бийликтин кадырын кетирүүдө


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Темир Сариев президенттин өлкөнүн аймактарына жасаган иш сапары учурунда губернатор-акимдер залга атайын даярдалган кишилерди топтоп, президенттин мактаттырып атканын, өлкө башчысы мындай мактоолордон соң баары жакшы экен деген ойдо калаарын жана мындай туура эмес маалыматтар туура эмес чечимдерди кабыл алууга алып келээрин белгиледи. «Өткөндө Ысыккөлдө болгондо «баары сонун» деп атышат, аны КТРден көргөн элдин кыжыры келип жатат. Көз боемочулукту токтотуп, болгонун-болгондой көрсөтүш керек, болбосо кошоматчылык Акаев доорунан эле эмес КПСС учурунан да ашып кетүүдө» - деди депутат. Темир Сариев бул боюнча президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, өлкө башчысына жеткирип коюуну өтүндү.(SM)

XS
SM
MD
LG