Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:13

12:17 Кумтөр боюнча алдамчылыкка жол бергендерди эл билгиси келет


Депутат Иса Өмүркулов Кумтөр боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөбөгөн алгачкы келишимге кол койгондор жооп берүүгө тийиштигин, ага ким күнөөлүү экенин эл билгиси келип жатканын айтты. Ошондой эле депутат азыркы өкмөт мурдагылардын күнөөсү үчүн актанбашы керектигин белгилеп, чыныгы күнөөлүүлөр эмне үчүн алиге дейре жоопко тартылбай жатканына кызыкты. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев болсо бул маселени мурдатан эле козгоп келгенин айтып, парламенттин бул боюнча тиешелүү тараптарга кайрылууга колу байлануу эместигин эскертти. Ушундан улам депутат Иса Өмүркулов бул маселе боюнча башкы прокуратурага расмий суроо жолдоп жатканын айтты.(SM)

XS
SM
MD
LG