Улуттук китепканада өткөн жыйында майыптардын догдурга көрүнүүгө, медициналык жардам алууга болгон укугу тууралуу маалыматтар камтылган китепченин бет ачаары да болду. Иш-чарага бейөкмөт уюмдардын, майыптардын кызыкчылыгын коргогон топтордун өкүлдөрү жана саламаттыкты сактоо минстрлигинин кызматкерлери катышты. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда калк санынын эки пайызын майыптар түзөт. 16 жашка чейинки балдар арасында мүмкүнчүлүгү чектелгендер бир пайыз. (EBM)