Жалалабат шаарында өтүп жаткан бул иштин бүгүнкү отурумунда райондук оорукананын дарыгерлери менен жергиликтүү тургундар күбө катары суралышты. Анда окуяга чейин элдин талабына көңүл бурулбай, пикет-митингге чыккандарга зордук-зомбулук көрсөтүлгөнү, текшерилбеген маалыматтар аркылуу жарандарды камоо аракеттери болгону айтылды. Дарыгерлер болсо ошол күнү жол тосулгандыктан ок тийгендерге учурунда тез жардам көрсөтүлбөй калганын айтышууда. Бишкек гарнизондук аскер сотунун көчмө отуруму бул ишти 1-октябрдан бери кароодо.(SM)