Бул тууралу оорууга чалдыгышкан балдардын адвокаты Фатима Хабибулина «Азаттыка» маалым кылды. Анын айтымында, учурда дарыгерлерге жана башка мамлекеттик кызматкерлерге моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөтүү максатында доо арыз даярдалып жатат. Ошондой эле адвокат Фатима Хабибуллина, ВИЧке чалдыккан ымыркайлардын ата-энелеринин жана урук туугандарынын ВИЧ\СПИД жана укуктары туурасында маалыматы жок экенин билдирди. (SA)