Улуттук филармонияда өтчү бул курултайга президент Курманбек Бакиев катышат. Курултайга жалпысынан 1100 делегат чакырылган. Алардын 800ү аймактардан келмекчи. Жыйын соңунда II курултайдын резолюциясы жана делегаттардын кайрылуусу кабыл алынат. Курултай алдында мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров бир катар мугалимдерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. (AiT)