Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

КАШАГАН БОЮНЧА КЕЛИШИМ ЭЛ АРАЛЫК КОНЦОРЦИУМДУН ЭНЧИСИНДЕ ЭЛЕ КАЛЧЫДАЙ


Италиянын ЕNI компаниясы баштаган концорциум Казакстандагы Кашаган мунай кенин өздөштүрүү боюнча келишимин сактап калат. Муну ишара кылган билдирүүлөр Астанада ушул дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөр учурунда жасалды. Астанда казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Италиянын премьер- министри Романо Проди жолукту. Казак бийликтери соңку айларда ЕНИ компаниясы баштаган концорциумдун аракетин сынга алып, аны айыпка жыгышы мүмкүн экенин эскертип келишкен эле.

Дүйнөдө 1960-жылдардан кийин ачылган мунай кендердин эң ириси деп эсептелген – Кашагандын кору кеминде 7 миллиард баррелге бааланып жүрөт. Каспийдин түндүк жээгинде жайгашкан кенди иштетүү укугун италиялык ENI компаниясы баштаган эл аралык концорциум өзүнө алган эле. Ага Royal Dutch Shell, Exxon Mobil өңдүү батыштык белгилүү мунай өндүрүүчү компаниялар кирет. Эл аралык концорциум кенден мунай өндүрө баштоону адегенде 2005-жылга убада кылган. Бирок бул мөөнөт улам кийинкиге калтырып, соңку ирээт быйыл август айында мунайды мурда белгиленгендей 2008-жылы эмес, 2010-жылдын экинчи жарымында гана өндүрө аларын маалымдаган болчу. Ага катар ENI кенди өздөштүрүүгө кетчи чыгым баштапкы 57 миллиард доллардын ордуна 136 миллиардга чыгарын билдирген.

Казак өкмөтү болсо август айынын соңунда долбоор создуктурулганына жана кыбаттаганына кошумча экологиялык эрежелер бузулганын жүйөө кылып, ал жердеги иштерди үч айга токтоткон. Ага катар казак өкмөтү италиялык компания баштаган концорциумду жогорудагы жагдайлардан улам ири өлчөмдөгү айыпка жыгуу ниети бар экенин да эскерткен эле. Тараптар ортодогу талашты чечүү үчүн бир нече аптадан бери сүйлөшүү өткөрүп да жатышкан. Ал эми ушул дүйшөмбүдө Астанда казак президенти Нурсултан Назарбаев менен кездешкен Италиянын премьер- министри Романо Проди казак тарапты убакытылуу болсо да жоошута алгандай. Сүйлөшүүлөрдүн соңунан Нурсултан Назарбаев буларды билдирди:

- Сөз мындан он жыл мурда кол коюлган келишимди кайра кароо жөнүндө жүрүп жаткан жок. Бирок быйыл оператор өкмөткө чыгымды 100 миллиард долларга көбөйткөн жаңы бюджетти берип, мунай өндүрө баштоону 2005тен 2010-жылга которгондон улам, биздин өкмөт бюджеттен экономиканы өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландарыбызга жана элдин социалдык шартын жакшыруу үчүн каралган каражат жоголот деп эсептеди. Ушул себептен улам сүйлөшүү жараянына киришти.

Ага катар казак президенти инвесторлор түзүлгөн келишимди бузган шартта Казактандын аларга өз мыйзамдарына ылайык мамиле жасоого укугу бар экенин да кошумчалай кетти. Италия премьер – министри Романо Проди Астанадагы сүйлөшүүлөргө канааттанганын белгилеп, өз өлкөсүнүн ири мунай компаниясы баштаган концорциум да өзгөрүүлөргө даяр деген ишенимин айтты:

-ЕNI өз тарабынан карым-катнашка, бул шарттарды кабыл алууга, Казакстан менен узак жана жемиштүү кызматташтыкты улантууга даяр.

Айтор маселе жогорку деңгээлде каралганы менен казак президенти Нурсултан Назарбаев саясий лидерлердин бул ири бизнес долбоорго тикелей тиешеси жок экенин көрсөтүү аракетин жасады:

-Бул коммерциялык сүйлөшүүлөр. Казакстандын президентине да, Италиянын өкмөт башчысына да тиешеси жок. Биз бул коммерциялык сүйлөшүүлөр аякташына мүмкүндүк берели.

Бирок, Казакстанда бийликтин баары Назарбаедин гана колунда экенин эске алганда, өкмөт өз алдынча эле келишимди токтотуп коюшу күмөндүүдөй.

Ал эми ушул айда аяктары күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн бир жыйынтыгы – Кашаганды өздөштүрүүчүлөрдүн катарына мамлекеттик "Казмунайгаз" компаниясынын кошулуусу болчудай. "Казмунайгаздын" Кашагандагы буга чейинки үлүшү 8,3%га гана барабар болгон жана казак тарап бул үлүш көбөйтүлүш керектигин айтып жаткан эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG