Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

ИПОТЕКАЛЫК КРЕДИТТӨӨ КРИЗИСКЕ ТУШУКТУ


Жаннат Токтосунова Ипотекалык насыяларды алган калк аларды кайтарып берүүгө ашыкпагандыктан жайында америкалык банктар 300 миллиард доллар өлчөмдөгү жоготууга дуушар болушту. Мындан улам дүйнө ипотекалык кризиске тушалды. Анын эпкини коңшу Казакстанда сезилип, өлкөдөгү коммерциялык банктар ипотека берүүнү токтотушту. Кыргызстанда иш алып барган банктардын көбү Казакстан капиталына негизделгени белгилүү. Учурда ал банктарда ипотекалык насыяларды берүү токтотулду. Бул өлкөнүн кыймылсыз мүлк рыногуна кандай таасир этүүдө?

Кыргызстандын банк сектор капиталынын алтымыш пайыздан ашуунун коңшу өлкөдөн агып келген каржат түзөт. Ипотекалык кредиттөөнүн басымдуу бөлүгү бизде иштеп жаткан казак банктары аркылуу жүргүзүлүп келген. Бирок учурда алар ипотека программаларын убактылуу токтотушту. «Халык банктын» өкүлү Миррад Жеңишбеков ипотека боюнча жылдык планын сегиз ай ичинде эле аткарылып бүткөндүктөн, азыр банк ипотекалык насыяларды кайтаруу багытында гана иштеп жатканын билдирди.
Учурда ипотека насыяларын жергиликтүү капиталга негизделген бир нече банктар гана берүүдө. Анткен менен кыймылсыз мүлк агенттиктеринин адистери ири банктардын ипотекалык кредитөөнү токтотушу турак-жай алууну көздөгөндөрдүн гана санын азайтпаса, бааларга чоң таасир эткен жок деп белгилешүүдө.

-Учурда турак жайлардын 30 пайызы гана ипотека аркылуу сатып алынат. Бирок бул токсон же жүз пайыз эмес да. Үйлөргө болгон суроо-талап бир аз басаңдап калды. Баалар өспөй калды, бирок кескин түшкөн да жок. Ошондуктан кыймылсыз мүлк базары кризиске учурайт деген ойлорго кошулбайм. Ал туруктуу бойдон кала берет,-деди «Теодор» агенттигинин адиси Елена Чернышова.


«Дольче вита» агенттигинин адиси Галина Борисенко болсо батирлердин баасы бир аз төмөндөгөнүн билдирди. Адистин баамында буга турак-жай базары каныкканы себеп:

-Өткөн жылдын күз айларынан баштап, чоң суроо-талаптан улам турак-жайга болгон баалар көтөрүлө баштаган. Жазга чейин баалар 1,5-2 эсеге өскөн. Кардарлар үйлөрдү же батирлерди болобу, жер участкаларын болобу баасына карабай алып жатышты. Бирок акыркы жылы элиталык курулуш да күч алды. Ушундан улам бара-бара сунуш менен суроо-талап тенделип калды.

Учурда Бишкекте бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы 35 миң доллар, эки бөлмөлүү батирлердин баасы 60 миң долларды аркалайт. Өлкөдө өндүрүш терең кризисте болгондуктан, капчыктуу кыргызстандыктар акчасын кыймылсыз мүлккө салып келишти дейт экономист Айылчы Сарыбаев. Мунун менен кошо турак-жай баалары ар түрдүү жасалма жолдор менен көтөрүлүп келди деп кошумчалайт адис.

Кыргызстанда орточо айлык маяна 30 доллар экенин эске алганда, жаштар үчүн турак-жайлуу болуу мүмкүн эместей сезилет. Буга өкмөт ипотеканы өз колуна алгандын ордуна бул жүктү толугу менен коммерциялык банктардын мойнуна жүктөп койгону себеп. Андыктан арзан баадагы турак-жайлар курулмайынча, баалар кол жеткис бойдон кала берет дейт Айылчы Сарыбаев:

-Жылына мектепти 70 миңге жакын улан-кыз аяктайт. Алардын баары болбосо да 20 миңи үй-бүлө курат. Бизде 20 миң квартира курулуп жатабы? Бишкектин ичинде жок дегенде миң квартира курулдубу? Болгону Жал кичи районунда эки үй курулду, ал да болгону 200 квартира болоор. Бишкекте мурун салынган квартираларды сатып алуу-сатуу процесси гана жүрүп жатат. Ушунуна баарын небак башынан ойлонуп иш кылгандын ордуна президент иштебей жатып алды. Анын жана министрлердин колун эч ким кармаган жок.

Кыргызстанда иш алып барган казак банктары ипотекалык программаларын 2008-жылдан баштап кайрадан улантаарын билдиришүүдө. Адистердин болжолунда, ал мезгилден тартып турак-жай баалары кайрадан асмандайт.

XS
SM
MD
LG