Парламентте Кумтөр боюнча жаңы келишимди талкуу аяктаган соң премьер-министр Алмазбек Атамбаев сөзгө чыкты. Өкмөт башчы «Камеко» жана «Центерра» менен сүйлөшүү өтө оор болгонун, биринчи отурумдан кийин канадалыктар «сүйлөшпөйбүз» деп туруп да кеткенин, азыркы келишимге жетүүгө парламенттин, коомчулуктун эмгеги чоң экенин айтты. «Мурда Кумтөр кыргызстанды жеп-ичип жаткан бир-ууч чоңдорго иштечү, биз мурда алынчу акчаны 5 эсеге чейин көбөйттүк. Эми салыктар да көбөйөт. Бул акча эл үчүн керек, ырыскыбызга балта чаппайлы» деген өкмөт башчы келишимди колдоп коюга чакырды.(SM)