Мындай токтомго кол коюлуу алдында турганын өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бүгүнкү парламент жыйынында билдирди. Премьер-министр андан соң журналисттерге бир жарым миллионго жакын адамдан турган (300 миң үй-бүлө) тизме эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан аныкталганын, аларга Казакстандан алынган буудайдан жасалган ун бир мүшөктөн арзан баада берилээрин айтты.(SM)