Аталган агенттик “Социум” коомдук бирикмеси менен Бишкек шаары, Чүй облусундагы милиция кызматкерлерин окутту. Эмки семинарлар Ички иштер министрлигинде, Улуттук гвардияда, ички аскер бөлүктөрүндө өткөрүлмөкчү. Бул иш-чаралар баңгичилик менен ВИЧ/СПИД илдетинин ортосундагы байланыш тууралуу маалымат берүү менен аталган көйгөйлөрдүн алдын алууга багытталган. (EBM)