Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

ТҮБҮ ӨЛҮК БИЙЛИКПИ?


Тилекке каршы, азыркы бийлик силер үрө бергиле, биз жүрө беребиз принцибин катуу карманып алды. Кытай Шанхай Кызматташтык уюму акыркы кездеги темпине караганда Кыргызстанды бат эле авторитардык сазга соруп алышы ыктымал. Ансыз да өлкө экономикалык жактан араңжан, саясый жактан өз алдынча эмес. ШКУ саммитинин деми менен Н.Назарбаевдин партиясы 90 пайыз жеңишке жетип түбөлүк президент бойдон калган туру. Аны туурап Бакиев да бардык мыйзамдарды тебелеп, референдум жарыялады. Акаев Констиутуциясын ашыгы менен калыбына келтирди. Эми партия түзөм деп теминип туру деп жазды, «Агым» гезити Алым Токтомушевдин «Пешка» аттуу макаласы аркылуу. Ушул эле гезитке ойлорун айткан экс-министр Б.Талгарбеков, мамлекет башчысы референдумга сунуштап аткан Конституцияда президент өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип калган десе, социал-демократтар партиясынын жооптуу катчысы Э.Байсалов, президент авторитаризмди көздөп атат дегендер жаңылышарын, ал болгону күчтүү президент болгусу келип атканын, ЖК депутаттары элге туура эмес түшүндүрүп жатышканын, Бишкек шаар кеңешинин депутаты А.Чотбаев бул Конституция менен референдумга баруунун өзү туура эместигин, кийин ал чоң талашка барып такаарын, ошондуктан өзү референдумду колдобостугун айтса, ЖК депутаты Н.Аркабаев, Кудай бирөө болгон соң президенттен да, соттордон да, депутаттардан да кол тийбестикти алып салуу керектигин, болбосо кол тийбестикке жамынып алып кылгылыкты кыла беришерин, демек сотторду тандап алуучу Улуттук Кеңеш аттуу коррупциянын «Чоң Энеси» менен «Чоң Атасын» жоюш керектигин айтты.

«Белый пароход» гезити Кыргызстандын башкы энергетиги Сапарбек Балкыбеков сотко берип, гезит редакциясына-30 миң, Елена Авдеевага-20 миң сом айып тагып жатканын, «Пароходдун» Балкыбеков тарап кызыга тургандай бай мүлкү деле жоктугун, алтургай компьютерлери да башка бирөөлөрдүкү экендигин, бирок кантсе да Балкыбековдун түшкү тамагы үчүн төлөп бере тургандай акча табыларын, бирок бир тыйын да бербестигин, эми Балкыбеков эле эмес бүт дүйнө уга тургандай жаңжал саларын, «Белый пароход» болуп чыкпай калса «Черный паровоз» же «Красный самолет» болуп чыга берерин, балкыбековдор эч нерсе кыла албастыгын жазып чыкты «Мени менсиз соттошууда…» деген башмакаласында.

Жакын аранын ичинде Бишкек шаарында муниципиалдык наабайканалар ачыла турганын, анын максаты кымбаттап турган нандын баасын турукташтыруу экендигин, өкмөт башчысы А.Атамбаевдын айтканы боюнча мындай чаралар убагында Түркиянын Ыстамбул шаарында оң натыйжаларды берген, ошондуктан коломтодон жок күкүрттү издей бергенден көрө, турмуш сыноосунан өткөн бул өңдүү тажрыйбаларды колдонуу элдин жашоо-тирилгин аз да болсо жеңилдетүүгө шарт түзөрүн бүгүн жарык көргөн «МСН» гезити таратты.

Ушул эле кымбатчылык жөнүндө сөз кылган «Кыргыз руху» гезити карапайым адамды алка жакадан алган чындык мамлекеттик жетекчилерге келгенде жашыруу экенин, анткени алар үчүн 1500 сомдук ун оюнчук болорун, күнү кечээ эле «Яшар» унуна кезекке туруп, колуна 154- нөөмөт номурун жаздырып келген бир адам элдин шүйүнөн чочулап турганын айтканын кабарлады. Гезит ошондой эле «Жерүй» алтын кенине арнаган колөмдүү макаласын «Алтын арман» деген ат менен жарыялады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG