Мугалимдердин бүгүнкү республикалык курултайында сөзгө чыккан каракулжалык мугалим Бакытбек Абдыразаков идеология тилден башталаарын белгилеп, өлкө башчысы өзү да кыргызча так сүйлөбөй, орусча аралаштырып сүйлөгөнүн, расмий жыйындар дале расмий тилде өтөөрүн, бул жагынан президент кыргызча таза сүйлөп, башкаларга өрнөк болушу керектигин айтты. Курултайда сөз сүйлөгөн өлкө башчысы бул сын туура экенин, бирок башка тилдүү улуттардын өкүлдөрү да бар экенин эске алаарын айтып, негизги сөзүн орус тилинде улантты.(SM)