Мындай көрүнүш туурасында Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов 9-сентябрда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, электр энергиясы, телефон быякта калат, добуш берүү участокторуна эмдигиче бөлмө ажыратыла элек, шайлоочулардын тизмеси алигиче такталган эмес. «Мыйзамдуулук» бейөкмөт уюмунун башчысы Абдыкайым Кангелдиев «убакыт чукул, элдин Башмыйзам жана Шайлоо Кодексинин долбоорлору менен тааныштыгы жок. Референдум жыйынтыгын бийлик аргасыздан бурмалашы ыктымал» деген пикирде. (АТо)