Кошмо Штаттардын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Залмай Халилзад декабрдын 10уна дейре Косовонун келечеги боюнча сүйлөшүүлөр алдыга жылбаса, Сербиянын бул провинциясында кырдаал оорлоп кетиши мүмкүн деп эскертти. Орусиянын элчиси Виталий Чуркин сүйлөшүүлөрдү орток пикир табылмайынча улантуу зарыл деп басым жасады.