Президент Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушуудан кийин Солана Түркмөнстан Европаны газ менен камсыздоо маселесинде кепилдик бере алат деп билдирди. Бүгүн Хавьер Солана Астанада казак президенти Нурсултан Назарбаев менен кездешет.
Евробиримдиктин тышкы саясат башчысы Хавьер Солана Ашгабатта түркмөн газын Каспий деңизи аркылуу ташуу жолун талкуулады