Буга тиешелүү комитеттин чечими жоктугу себеп болду. Кечээ бул маселе боюнча тыянак чыгаруу өнөр жай, архитектура жана курулуш комитетине тапшырылган эле. Бирок комитет төрагасы Арзыбек Бурканов комитет мүчөлөрү тиешелүү материалдарды кечээ гана алганын жана анын экспертизасы да даяр эместиктен чечим чыгаруу кийинкиге калтырылганын айтты. Ушундан улам төрага Марат Султанов комитет тыянагысыз маелени добушка кою мыйзамсыз экенин эскертип, аны 22-октябрга белгиледи. Азыр парламент күн тартибиндеги башка мыйзам долбоорлорун кароого киришти.(SM)