СТОКГОЛЬМ. Химия боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты болуп немец окмуштуусу Герхард Ертель аталды. Окумуштуу катуу нерселердин үстүндөгү химиялык процесстерди изилдеп, анын изилдөөсүнүн натыйжалары автомобиль өндүрүшүндө, жарым өткөргүчтөрдү чыгарууда жана бир катар жер семирткичтерди жасоодо колдонулат. Нобел сыйлыгынын көлөмү кеминде жарым миллион долларга, же 10 миллион швед кронасына барабар.
Баян Жумакадыр кызы, Прага
Баян Жумакадыр кызы, Прага