Малайзиялык космонавт космоско Байкоңурдан орусиялык ракета менен учуп чыкты. Ал Орозо маалында космоско учкан алгачкы мусулман болуп калды. Буга чейин бирок космосто 8 мусулман болгон. Эл аралык станцияга андан башка орусиялык космонавт Юрий Мельниченко жана Америкалык астронавт Пегги Уитсон айым жол тартышты.