ИИМдин Академиясында контрактык шартта окуган жүз элүүгө чукул студент 1-октябрдан баштап контракттык системаны жоюу тууралуу Ички иштер министринин буйругуна нааразылык билдиришти. Контрактык шартта окушкан 4-5-курстун студенттери аталган окуу жайдын жетекчилиги, аларды Улуттук универститетке, Юридикалык Академияга мажбурлап которуп жатканын билдиришип, эл депутаттарынан укуктарын коргоону өтүнүштү. Маалыматка караганда, ИИМдин Академиясында 700 чукул студент контракт менен окуп келишкен. Алардын мыкты окугандарын Академияга калтырып, калгандарын бөлөк окуу жайларга которуу маселеси коюлган. (AJ)