Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

15:50 Укук коргоочу Турсунбек Акун АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү менен жолугушту


Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун АКШнын мамдепартаментинин өкүлү Рейчел Валтин менен жолугушууда аталган комиссиянын милдети, анын эки жылдан берки аткарган иштери тууралуу маалымат берип, өлкөдөгү адам укуктарына байланыштуу маселелерге токтолду. Р.Валтин Кыргызстандагы саясий абалга кызыгып, митинг, пикеттерге бийликтин жана адам укуктары боюнча комиссиянын мамилеси, бейөкмөт уюмдар менен байланыштар тууралуу кенен маалымат алды. Жолугушуунун жыйынтыгында президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын өкүлдөрүн АКШда окутуу, адам укуктары боюнча тажрыйба алмашуу, адам укуктары боюнча окуу китептерин Кыргызстанга алып келүү макулдашылды. (AJ)

XS
SM
MD
LG