Президент Курманбек Бакиев бүгүн Ош облусунун жана шаарынын активи менен жолукту. Курманбек Бакиев өз сөзүндө Ош облусунун жана шаарынын социалдык-экономикалык ийгиликтерине токтолуп, ошол эле учурда чек ара, азык-түлүк, энергетика коопсуздугу жана жерди сарамжалдуу пайдалануу проблемаларын баса белгилеп өттү. «Кылым шамы» коомдук фондунун Оштогу өкүлү Улукбек Максыталиев ит жетелеп жол тоскон милициялар элди ичкериге жолотпой койгондугун жергиликтүү бийликтин түркөйлүгү катары баалады. (ATo)
16:27 Ошто ит жетелеген милициялар президентке жолотпой койгону айрымдарды кыжаалат кылды