Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

КЫРГЫЗСТАНДА БҮГҮН ОРОЗО АЙТ


Бүгүн Кыргызстанда Орозо айт майрамы. Эгемендик жылдарынан тартып расмий макам алган ушул орозо айт туура майрамдалып келатабы? Ислам боюнча көрүнүктүү диний ишмерлер ушул суроонун айланасында “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

Белгилүү мусулман дин ишмери, Эл аралык ислам кызматташтык борборунун жетекчиси Садыкжан Камалиддин Орозо айт кадимки майрам катары майрамдалыш керек деп эсептейт: куттуктар айтылып, жагымдуу сөздөр сүйлөнүп, жаңы кийимдер кийилип, ата-эне, тууган-урук, дос-жардан кабар алынып дегендей.

Садыкжан Камалиддиндин айтуусунда, “айттык” деп аталган нерсе, башкача айтканда, бул күнү жалпы элди чакырып, аларга тамак-аш берүү менен каза болгондорго куран окутуу ылайыксыз. Шариятта жок нерсе ал. Башка ислам жумурияттарында да дегеле андай нерсе байкалбайт. Албетте, үйбүлө маркумдардын арбагына багыштап куран окуса – ал ашыкча болбойт.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу айт майрамынын заманбап белгиленишин жактайт. Бул күнү ырдаса дагы, бийлесе дагы болот. Куурчак театрларын, цирк өнөрпоздорун апкелип, балдардын көнүлүн көтөрсө - андан бетер жакшы.

Турсунбай Бакир уулу ушул айт майрамына байланыштуу Кыргыз өкмөтүнө жазган катынын маанисин да айтып өттү. Анда бул майрамды, Эмгек кодексинин 110-беренесине ылайык, мамлекеттик майрам катары өткөрүүгө бардык бийлик бутактары жардам берүүсүн, тартип коргоочулар карапайым элдин майрамдоосуна тоскоол этпөөсүн өтүнүптүр.

Бишкектеги борбордук мечиттин башкы имам-хатиби Молдо-Шакир Маматов орозо айт намазынын аянтта окулушуна арапа күнү эле бардык даярдыктарды көрүп коюшкандыгын айтты. Ошондой эле мечит алдындагы сандыкчаларга жалпы мусулмандар тарабынан ташталып кеткен орозо битирлер ушул орозо айт күнү кедей-кембагалдарга таратыла баштаарынан кабар берди:

- Курман айтта колунда жокторго эт берилет. А бул орозо айтта болсо тыйын берилет. Айт намазды өткөрүп бүткөндөн кийин муфтияттын өкүлүнүн башчылыгы менен мечиттеги сандыкчаларды ачабыз. Санап чыккандан кийин жалпы сумманын 50 пайызы муфтиятка, 10 пайызы шаардык казиятка, 40 пайызы ушул борбордук мечитке бөлүнөт да, ар бирибиз муктаж адамдарга, үйбүлөлөргө тарата баштайбыз. 350 сомдон 5000 сомго чейин жардам бере тургандар бар.

Айт намаз Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы эски борбордук аянтта окулуп жүрөт.
XS
SM
MD
LG