Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев билдирди. “12 жылдык окутуу системасы Кыргызстан үчүн дүйнөлүк билим мейкиндигинде өз ордун табууга мүмкүнчүлүк берет. Чет өлкөдө Кыргызстанда берилген диплом жана аттестаттар таанылат”,-деди К. Осмоналиев. Британия, Чехия, Беларус, Өзбекстан, Украина жана Литва он үч жылдык окутуу системасына өтсө, Казакстанда он эки жылдык окутуу системасы киргизилген. (ZMa)