Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Иракта козголоңчуларга каршы багытталган аба чабуулу учурунда жөн-жай адамдар да каза тапты


Бул туралуу АКШ армиясы билдирди, окуя кечээ кечинде башкалаа Багдаддан 60 чакырымдай түндүк-батыш тарапта болду. АКШ армиясынын маалыматына караганда, "ал-Каида" мүчөлөрүнүн жыйынын өтүп жатат деген жерге сокку урулганда, 19 козголоңчу, ага катар 15 аял менен жаш бала да мерт болгон. Ал эми бүгүн өлкөнүн түндүгүндөгү Туз Хурмато деген шаарда, балдар аянтчасында жасалган жардыруудан бир бала атасы менен каза таап, он үч бала жаракат алды.

XS
SM
MD
LG