Түркия эгер Иракка кол салууну чечсе, ал үчүн сын угуп, өз чечиминин кунун төлөөгө даяр экенин түрк премьер- министри Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Расмий Анкара азыр күрд козголоңчуларын жок кылуу үчүн Ирактын түндүгүнө аскер киргизээрин эскертүүдө. Түрк өкмөт башчысы Эрдоган белгилегендей, анын өлкөсү узактан бери бул маселе боюнча АКШ жана Ирак менен кызматташтыкты көздөп келди, бирок Ирактын аймагындагы күрд козголоңчулары басылган жок. Эрдогандын айтымында, согушкерлер соңку эки аптада 30да адамды мерт кылышкан.