Казак банктары кийинки жылдары турак жай курулушунан кредитти аябай, удаа эле коңшу өлкөлөрө да өз бөлүмдөрүн ачып, чапчаң иштешүүдө. Алардын эларалык базардан алган борчу, “Financial Times" гезитинин ырасташынча, 40 миллиард долларга жетти. Бул Казакстандын алтын валюта корундагы акчадан дээрлик эки эсе көп сумма. Соңку жылдары өлкөнүн экономикасы орточо 10 процентке өсүп, анын шарында, жергиликтүү банктар тышкы капиталды тартынбай алып жаткан. Натыйжада, Казакстандын борбордук банкыныны маалымдашынча, 1- июлга өлкөнүн тышкы борчу ички дүң продукциядан 1 процентке ашты. Бул былтыркыга караганда, бештен бирге көп. Ушундан улам, кредиторлордо өлкө карызды өз маалында кайтара албай калбайбы деген шектенүүнү пайда кылды. Буга кошумча эларалык финансы рыногундагы илең- салаң абал Standard and Poor агентигинин Казакстандын жана Өнүгүү банкы, “Казпочта, Агрардык- кредиттик корпорация сыяктуу крдиттик мекемелердин рейтингин төмөндөтүүгө түрттү. S&Pтин аналитиги Бен Фолькс кооптонуунун себеби тууралуу мындай дейт:
- Биз Казакстандын рейтиңин төмөндөтөлү деген бүтүм чыгардык. Бирок, “инвестиция” деңгээлинде калтырдык. Башкача айтканда, биз Казакстанды өзүнүн коммерциялык милдеттенмелерин так мөөнөтүндө жана толук төлөөгө жарамдуу деп прогноз кылабыз. Ошондой эле кыйынчылыктар жөндөлөт деп күтөбүз.
Талдоочулар S&Pтин прогнозу четэлдик инвесторлорду качырып, андан турук үй курулушун жана жалпы курулушту каржылоо басаңдашы мүмкүн экенин айтышат.
Казакстандык экономист Канат Берентаевдин пикиринче, абройлуу эларалык агенттиктин рейтинг- баасы банктардын кредит берүүсүн басаңдатып, тышкы карыздын азайтат:
- АКШдагы ипотека кризисине байланыштуу турак жай курулушуна көңүл ооду жана турак үйлөрдүн акыркы жылдары асмандап кеткен баасы реалдуу нукка түшүүдө. Рейтингди төмөндөтүүдөн чаканыраак банктар кредитти аз ала баштайт. Бул Казакстандын тышкы карызынын азайышына өбөлгө болот.
Бирок, президент Назарбаев өлкөдө финансылык кризис болбойт деген ишенимде. Ал 11- октябрда болгон өкмөттүк жыйында, банк мекемлеринде, тариф саясатында жана инфляция маселесинде олуттуу проблемалар топтолгонун мойнуна алып, банктардын кемчин жабууга 4 миллиард доллар бөлдү.