Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:44

10:30 Э. Бөлөкбаев: Эч кандай тыюу салууларга карабастан митинг болот


Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, 19-октябрга белгиленген “Ойгон, ачка өлкө!” митинги мэрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун тыюу салуусуна карабастан өтө тургандыгын “Азаттыкка” билдирди. Бөлөкбаевдин айтымында, Башмыйзамда бул түрлүү акцияларды өткөрүүгө уруксат берилген. “19-октябрда он миң адам азык-түлүккө болгон баанын кымбатташына нааразылык билдирип, Алатоо майданына чыгат. Биздин максат – тынчтык митинги аркылуу бийлик өкүлдөрүнө өз арызыбызды жеткирүү”,-деди Э. Бөлөкбаев. 11-октябрда мэрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов Жашылдар партиясына 19-октябрда митинг өткөрүүгө уруксат берүүдөн баш тарткан. Үсөновдун айтымында, бул күнү Алатоо аянтында башка иш-чара өткөрүлөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG