Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

12:30 КМШ аймагында миграциялык кыймылды жөнгө салуу үчүн электрондук паспорт киргизилет


Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысы Михаил Кротов маалымдады. Анын айтымында, электрондук паспорттор башка өлкөгө иштегени кетип жаткан эмгек мигранттарына берилет. Кротовдун пикиринде, электрондук паспорттор Орусияга иш издеп келген адисттердин арасынан мыктыларын тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Баш катчынын маалыматына ылайык, миграция маселеси 31-октябрда Санкт-Петербургда өтө турган ассамблеянын кезектеги жыйынында башкы тема катары талкууланат. Ушул тапта Орусияда 12 миллиондон ашуун эмгек мигранты бар. Алардын эки миллионго жакыны гана мыйзам негизинде катталган. Эмгек мигранттарынын 80 пайызын КМШнын жарандары түзөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG