Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:07

АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс жана коргоо министри Роберт Гейтс Орусиядагы сапарын улантышты


Гейтс Башкы штабтын академиясында орус офицерлери менен жолугушуп, АКШ Орусиянын аскерлери менен кызматташууга дилгир деп белгиледи. Ошол эле маалда ал Москванын Иран менен Сирияга курал-жарак сатышын сындады. Пентагондун башчысы ошондой эле АКШ Грузия жана Украинага аскерий база ачпайт деди. Америкалык министрлер ракетадан коргонуу системанын бөлүктөрүн Европага жайгаштыруу пландарынан келип чыккан пикир-келишпестиктерди жөндөө максатында Москвага келишкен. Кечээ орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Райс бул маселе боюнча мунаса табылбаганын билдиришти. Райс болсо бүгүн эртең менен жергиликтүү укук коргоочу активисттер менен жолугушту. Түштөн кийин америкалык расмий делегация Россиянын премьер-министри Виктор Зубков менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады.

XS
SM
MD
LG