Ирандын жогорку диний жетекчиси Аятолла Али Хаменеи мусулман өлкөлөрүн Палестина боюнча эларалык конференцияга катышпоого чакырды. Жыйын ноябрда АКШнын сүрөөнчүлүгү менен өткөрүлмөкчү. Хаменеи конференцияны “кара ниеттик, анткоорлук” деп атады. АКШ Израиль менен болочок Палестин мамлекети ортосунда чакан жер алмашуу идеясын жактайт. Жөөт конуштары болсо Израилдин көзөмөлүндө кала бермекчи. 1979-жылкы Ислам революциясынан бери Иран Израиль мамлекетин таануудан баш тартып келатат.