Ош облустук ИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбековдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча Каракулжа жана Араван чөлкөмдөрүндө жүрүп жаткан парламенттик шайлоо учурунда коомдук тартипти коргоого облустук ИИБнын жалпы курамы тартылган. Мындан тышкары райондук милициялар да күчөтүлгөн тартипте иш алып барышмакчы. (ZKo)