Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

13:15 Каракулжада шайлоо бурмалоо менен өтүп жаткандыгы маалымдалууда


Мындай маалыматты “Жаңы Кыргызстан” партиясынын Ош облустук координатору, шайлоого байкоочу катары катышып жаткан Керим Макеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда “Кашкажол” айыл өкмөтүнүн Октябрь айылында, Ленин орто мектебинде эртең менен добуш берүү бюллетендерин текшергенде бюллетендер жетишсиз болуп чыккан. Мындан тышкары Ош шаарынан студенттерди алып келип, добуш бердирүүгө аракет жасалган. Керим Макеев шайлоонун жүрүшү солгун экендигин белгилеп, түшкү саат 13:00 чейин болжол менен шайлоочулардын 10% гана шайлоого катышкандыгын билдирди. Ал эми №36 Каракулжа шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Нуржамал Чобоева мындай маалыматты четке какты. Анын айтуусунда шайлоо таза өтүп жатат, шайлоочулардын катышы да жакшы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG